• 87
  • 90.55
  • 0.84

Жалал-Абад милициясы: Ыктыярдуу түрдө курал жана ок-дары тапшыргандарга сый акы төлөнөт

Аймак 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Ыктыярдуу түрдө курал жана ок-дары тапшыргандарга сый акы төлөнөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Жарандардын жана юридикалык жактардан таап алынган же мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана акысыз негизинде кабыл алуу жана текшерүү боюнча иштерди жакшыртуу максатында, ошондой эле КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизинде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, КР ИИМнин 2020-жылдын 21-апрелиндеги жана Жалал-Абад ОИИБдин 2020-жылдын 8-майындагы буйруктарын аткаруунун негизинде төмөнкү тизмени жарыялайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Куралды жана ок-дарыларды, ага тете жардырма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшыргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү:

Курал-жарактын жана ок-дарылардын аталыштары

Бирдикке болгон баасы (сом менен)

1

Колго жасалган (жабдыксыз) жана түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү гранатомётторду кошкондо автоматтык гранатомёттор

16000

2

Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү пулемётторду кошкондо пулемёттор

16000

3

Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү автоматтарды кошкондо КА, МКА, АКМС, КА-74, АКС-74, АКС-74Уавтоматтардын түрлөрү ж.б.у.с.

9600

4

Снайпердик атуу үчүн ылайыкталган узун сайлуу стволдук куралдардын түрлөрүн кошкондо СВД, СВДС,СВДН согуштук снайпердик (көзгө атаар) мылтыктар

9600

5

Согуштук жана сайлуу аңчылык куралдардан чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык карабини

6400

6

Сменалык, салынма стволдук чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык сайсыз мылтыктар

3200

7

Колго жасалган атылуучу түзүлүштөр (октор менен атуу үчүн арналган буюмдар)

1600

8

Армиялык жарылма заттар (тротил, гексоген жана алардан жасалган буюмдарды кошкондо башка жарылма заттар)

100 граммына 1600 сом

9

Өндүрүшкө арналган жарылма заттар (аммонит, угленит жана алардын аналогдору)

100 граммына 840 сом

10

Кол граната (машыгууда колдонгондон башка)

3200

11

Атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (машыгууда колдонгондон башка) жана сапёрдук миналар

3200

12

Сайлуу куралдарга ок-дарылар (5,45; 7,62 мм жана андан ашык калибрдеги согуштук патрондор жана 7,62 калибрдеги аңчылык патрондор)

1 даанасына 10 сом

13

Сайсыз курал-жарактарга ок-дарылар

1 даанасына 6 сом

14

Газ куралдары, травматикалык аракеттеги октору менен куралдар, өздүк коргонуу куралдары

3200

15

Атылуучу тапанча же револьвер

6400

16

Кара дары (порох)

100 граммына 100 сом

Пикир

Оставить комментарий