Жалал-Абад облустук милиция: Ишкерден акча опузалаган кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Жалал-Абадда ишкерден акча опузалаган кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, 16-июнь күнү алардын нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, 2020-жылдын 15-июнь күнү саат 12:00 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында жайгашкан ишканасына эки бейтааныш киши келип, өздөрүн “Коча” жана “Фурхат” деп тааныштырышып “Завод иштеткениң үчүн “общакка отметка” катары 1 миң доллардан бересиң” деп опузалашкан. Эртеси кайра жолугуп, акча талап кылышып “бербесең балдарды жөнөтүп, заводуңду талкалатып саламын деп коркутуп, эртеңкиге 1 миң доллар даярдап кой” деп кетишкен.

Бул факты боюнча арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, КР Жазык кодексинин 203-беренесинде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында атайын тапшырма берилип, Жалал-Абад облустук милициянын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан кафелеринин биринде жабырлануучудан акча талап кылышкан Сузак районунун тургундары 28 жаштагы О.Т. менен 29 жаштагы С.У. 50 миң сом акча алып жатышкан жеринен кармалышкан. Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө өздүк тинтүү учурунда О.Т. аттуу жаранга тиешелүү асынып жүргөн сумкасынан опузалап талап кылган 10 даана, бардыгы 5 миң сомдук купюралардан турган жалпы 50 миң сом акча, 1 даана кынга салынган чоң бычак жана анын кийип жүргөн шымынын чөнтөгүнөн болжол менен салмагы 7-8 грамм болгон кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар “гашиш” баңгисине окшош зат табылып алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан белгилешкендей, андан тышкары С.У. жолугушуу жерине айдап барган “Форд-Мондео” үлгүсүндөгү автоунаасынан кароо жүргүзүлгөн учурда баштыкка оролгон салмагы болжол менен 2-3 грамм, унаанын алдынкы сол эшигинин чөнтөгүнөн чай суусундугунун чаптама кагазына оролгон салмагы болжол менен 4-5 грамм жана андан тышкары салондун ичинен кагаз кол аарчыга оролгон салмагы болжол менен 1-2 грамм болгон өзгөчө жыты бар кара күрөң түстөгү “гашиш” баңгисине окшош заттар табылып алынган жана далил-буюм заттарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

“Белгилей кетүүчү жагдай, акча алуу үчүн жогоруда аталган “Коча” жана “Фурхат” аттуулар келген эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жүргүзүү учурунда мыйзамсыз аракеттердин негизги уюштуруучулурдын бири, мурда адам өлтүрүү беренеси менен тактап айтканда 2009-жылдын март айындагы президенттин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөлүү деп табылган “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмурбек Осмоновду өлтүргөн деп соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 35 жаштагы Д.Ф. (Фурхат) экендиги аныкталды.
Ал кылмышка шектүү жаран Сузак районунун Кара-Дарыя айылында ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун Атайын тез чара көрүү отрядынын жана ыкчам кызматкерлердин жардамы менен колго түшүрүлдү”, - деп билдиришти облустук милициядан.

18-июнь күнү Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык шектүүлөр О.Т., Д.Ф. жана С. У. Майлуу-Суу шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бүгүн, 19-июнь күнү Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө соту тарабынан шектелүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий