• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жалал-Абад облустук милициясына компьютердик техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому Жалал-Абад облустук милициясына компьютердик техникаларды тапшырды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

ЖАКтын президенти Байгазы Матисаков компьютердик техникалар облустук милицнянын материалдык базасын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү максатында берилгенин билдирди. Ошентип, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеӊишбек Абитовго жогорку сапаттагы 15 компьютер, 15 3/1 принтер, 3 кондиционер, 2 түстүү принтер тапшырылды.

Байгазы Матисаков милициянын азыркы учурда аткарып жаткан жумуштарын жогору баалап, элдин милицияга болгон ишеними артып жаткандыгын айтып, мындан ары дагы "КПК" ЖАК тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп тураарын белгиледи.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Байгазы Матисаковго ыраазычылык айтып, ЖАКка ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий