• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Иманалиевдин китеби ЖОЖдорго акысыз берилет

Коом 0


Бишкек, 14-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде журналист, саясий илимдердин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Улуулукка таазим” китебинин бет ачары болду.

Анын айтымында, бул китеп анын акыркы 20 жылда жазган макалаларынын, дилбаяндарынын жана интервьюларынын жыйнагы болуп саналат. Ошондой эле, анын жыйнагында ар кандай актуалдуу темалар боюнча басма сөз беттерине жарыяланган материалдары камтылган. Алсак, улуу инсандар, улуттук идея, элита, интеллигенция, тарых, тил, ошондой эле, дүйнөлүк тарыхтагы реформалар тууралуу жазылган. Китепте Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, манасчы Тыныбек, Болот Миңжылкыев жөнүндө макалалар бар.

“Бул жыйнак болочоктогу журналисттер, маданият таануучулар үчүн абдан пайдалуу. Китепти журналистика боюнча колдонмо катары колдонууга болот. Бүгүн журналистиканы бир нече түргө бөлүүгө болот. Убактылуу журналистика – бул мезгил талабына жараша түзүлүп, бирок, бир нече жылдан кийин актуалдуулугун жоготушу мүмкүн. Кыйла баалуу журналистика бар. Анда ондон жылдан кийин да пайдалуу маалыматтарды табууга болот”, - деди К.Иманалиев.

Автор бул алтынчы китеби экендигин белгиледи. Анын китептери бир нече чет тилдерге которулуп, бир нече ирет кайра басылып чыккан. Анын айтымында, ал буга чейин басма тармагында иштеп, китеп чыгаруунун кыйындыгын билет. Ар бир китеп – үй-бүлөдө жаңы бала төрөлгөн сыяктуу.

“Мен үчүн китептер бакчада эс алууга барабар. Мен мындан ушундай ырахат алам. Ошондой эле, окуганды жакшы көрөм. Оор иш күнүнөн соң, үйгө келип китеп окуганды абдан жактырам”, - деди К.Иманалиев.

ЖМКларды колдоо борборунун директору Алмаз Курманкалиев “Улуулукка таазим” журналисттердин жаш мууну үчүн абдан маанилүү болорун белгиледи. Анткени бул китепте журналистика, маданият, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги маселелер көтөрүлгөн. “Учурда болочок журналисттер үчүн китеп чыгаргандар аз. Биздин тармакта китеп жазган адамдардын көп болушун каалайт элек”, - деди ал.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика кафедрасынын жетекчиси Бактыбек Орунбеков китептин бет ачарын – чоң майрам катары белгиледи. “Автордун артында аны журналистиканын принциптерине жана жазуучулук шыктарга үйрөткөн күчтүү мектеп турат”, - деди ал.

Китеп 500 нуска менен чыкты. Ал акысыз түрдө ЖОЖдордун журналистика кафедраларына таратылат.

Пикир

Оставить комментарий