• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лондондо өрттөн 50дөн ашык адам жабыркаган

Дүйнө 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Лондондун батыш тарабында орун алган Латимер-роад көчөсүндөгү “Grenfell Tower” турак жайында өрт чыгып, 50дөн ашык адамдын жабыркаганын тез жардам кызматы билдирген.

Маалыматта 50дөн ашык адам жабыркаганы, бешөө бейтапканага жаткырылганы айтылат.

Түнү тутанып 24 кабаттуу үйдү толугу менен каптап кеткен өрттүн себеби азырынча белгисиз. Лондондун өрт өчүрүү кызматы адамдардын каза болгонун тастыктады. Азырынча алардын саны айтыла элек.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий