Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасына “Нобел” медициналык компаниясы тарабынан медициналык жабдыктар берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, меджабдыктарды мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов жана компания өкүлдөрү тапшырышты.
“Жалал-Абад шаардык мэриясы кайдыгер карабаган тараптарга ыраазычылык билдирет”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий