• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Министр Жунушалиев Жалал-Абадда өздүк курамдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып кайтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарынын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүм башчылары менен жолугуп, Жалал-Абад шаарында жайгашкан ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 704 аскер бөлүгүндө болду.

Ошондой эле Кашкар Жунушалиев Жалал-Абад облустук ИИБинин борбордук аппараты үчүн курулуп жаткан имаратка жана милициянын кайгуул-күзөт кызматынын имаратына барды. Ал жерден имараттардын курулушунун жүрүшү менен таанышып, кабар алды. Курулуш иштеринин созулуп жаткандыгына сын айтып, тездетүү керектигин эскертти. Курулуш иштери ошол эле учурда сапаттуу болушу керектигин айтып өттү.

Мындан тышкары ИИМ башчысы Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктарына байланышкан уюштуруучулук иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Андан соң министр Жалал-Абад шаарында жайгашкан ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өзүнчө батальонунун өздүк курамы менен жолугушту. Анда өздүк курамдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү даярдыктары, жабдыктары менен таанышып чыкты. Кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, алдыда өтө турган шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоодо чоң жоопкерчилик милицияга жүктөлгөнүн билдирди.

Министр Жалал-Абад шаарынын Көгарт кичи шаарчасында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 704 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасында болду.

Күндүн экинчи жарымында Кашкар Жунушалиев Сузак РИИБнин өздүк курамы менен Сузак районундагы Атабеков айылында жаңы курулуп ишке берилген “Атабеков” айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдында жолугушту.

Министр бул милиция бөлүмчөсүн курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялаган демилгесин колдоого алып, Ички иштер министрлиги да аймактарда жайгашкан түзүмдөрдө кызматкерлерге шарт түзүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келе жаткандыгына жана чек аралаш жайгашкан аймактарга жеткиликтүү деңгээлде көңүл бурулуп жаткандыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий