• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун кошумча имараты ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат жана ашкана курулуп, пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан.

Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Жалал-Абад шаардык мэриясы да жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда Жалал-Абад облусу боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1300дөй бейтап дарыланып чыгат.

Пикир

Оставить комментарий