• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 87,2 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна 2024-жылдын 8 айында дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 87,2 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражатка 61 долбоор каржыланды:

  • Сузак району 7 объектисине – 14,1 млн сом;
  • Чаткал району 3 объектисине – 1,3 млн сом;
  • Аксы району 10 объектисине – 15 млн сом;
  • Тогуз-Торо району 2 объектисине – 3,4 млн сом;
  • Токтогул району 5 объектисине – 4,9 млн сом;
  • Ала-Бука району 8 объектисине – 12,3 млн сом;
  • Ноокен району 8 объектисине – 12 млн сом;
  • Базар-Коргон району 3 объектисине – 8,1 млн сом;
  • Жалал-Абад шаары 11 объектисине – 8,4 млн сом;
  • Таш-Көмүр шаары 1 объектисине – 0,8 млн сом;
  • Майлуу-Суу шаары 3 объектисине – 6,9 млн сом;

Анын ичинен:

  • 15 мектепке – 17,2 млн сом;
  • 2 саламаттыкты сактоо мекемесине – 1,1 млн сом;
  • 28 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 46,8 млн сом;
  • 6 маданий маанидеги объектиге – 11,1 млн сом;
  • 6 бала бакчага – 5,7 млн сом каралууда.
  • 4 спорттук курулуштар – 5,3 млн сом;

Пикир

Оставить комментарий