• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда ар бир тармакты алдыга жылдыруу үчүн промороликтер тартылат

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргызстанда ар бир тармакты алдыга жылдыруу үчүн промороликтер тартылышы керек. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал белгилегендей, жарнама роликтердин аркасында туризм тармагында эң жакшы жыйынтыктарды ала алдык. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аркасында дүйнө жүзү Кыргызстан тууралуу билишти. Ар бир тармакта ушундай роликтерди жасашыбыз керек. Ар тармактын өзүнүн бренди болушу зарыл. Бир айдын ичинде муну иштеп чыгууга тийишсиздер. Мына, мисалы Алай жана Соң-Көлгө таза абасынан дем алып кетүү үчүн чет элдиктер келип жатышат”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, премьер-министр керектөөчүлөр сайттардан жана порталдардын издегенин таба алышы үчүн “покупай.kg”сыяктуу порталдарды түзүшүбүз керек деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий