• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жалал-Абад облусунда бир катар соцобъекттер пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бактияр Станбековдор катышты.

Алгач Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплекси ачылды. Бул спорт спорт объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,5 млн сом бөлүнгөн. Андан соң Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында жайгашкан медициналык мекеменин ачылыш аземи өттү. Төрөгелди Балтагулов айыл өкмөтүнүн 40 миңге жакын тургундарын жана коңшу айылдардын тургундарын тейлеген оорукананын имараты 1964-жылы курулуп, жараксыз абалга келген. Буга байланыштуу өткөн жылы жаңы имараттын курулушу башталып, ага 30 млн сомго жакын каражат жумшалган. Учурда бул медициналык мекемеде 3 дарыгер жетектеген 33 кызматкер эмгектенет.

Мындан тышкары, жетекчилер авариялык абалдагы Жамалбек Ташкеев атындагы жана Ала-Бука районунда жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №15 мектептердин абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий