• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кечээ, 5-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милициянын полковниги Алмаз Кожомкуловдун жаркын элесине арналган Чүй облусунун ички иштер органдарынын тергөө кызматынын кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирге 12 команда катышты. Иш-чаранын максаты - укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында спортту жайылтуу жана сергек жашоого үндөө.

Финалдык оюнда Жайыл РИИБнын тергөө кызматынын командасы Ысык-Ата РИИБнин командасын жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Ал эми коло медалды Чүй облустук ички иштер органдарынын ардагерлер командасы жеңип алды. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө 8000, 5000 жана 3000 сомдон акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды.

Турнирдин мыкты оюнчусу болуп Аламүдүн районунун тергөөчүсү Эрлан Таңырыков аныкталды, мыкты коргоочу Кемин РИИБнин тергөөчүсү Кайрат Абасканов жана мыкты дарбазачысы деп Панфилов районунун тергөөчүсү Чыңгыз Жаналиев табылды.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин системасындагы тергөө кызматтарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Чүй облусунун ИИБнын аймактык бөлүмүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлерин, өздүк курамын жана тергөө кызматынын ардагерлерин майрамы менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай жана кызматына ийгиликтерди каалады.

Салтанаттуу иш-чарада мыкты офицерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кожомкулов Алмаз Байгелдиевич Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Ал 2020-жылдын 2-июлунда пневмониядан каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий