• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Баткендин жетекчиси Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Аймак 0

Бишкек 04.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.

Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр чатактардын алдын алуу менен бирге орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралар планы талкууланууда.

Алдыда аталган иш пландарды бекитүү менен тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий