• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жалал-Абад облусунда бир жума аралыгында 28 мас айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 27-ноябрдан 3-декабрга чейинки аралыкта 3 миң 547 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен;

- мас абалында унаа башкарган 28 айдоочу кармалган;

- ылдамдыкты жогорулатып айдоо - 316;

- автоунаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатып айдоо - 8;

- тиешелүү документи жок 35 айдоочу рулга отурган. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 3 миң 195 айдоочуга протокол толтурулуп, 45 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий