• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Уулануунун алдын алуу. Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, тез татым жайлары, чачкынды соода жайларында сатылып жаткан тамак-аштар текшерүүгө алынды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, текшерүү жайкы мезгилде массалык уулануулардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбагандыгы, кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиги аныкталды.

Мындай текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий