• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош шаарында заманбап таштанды контейнерлери коюлуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Күн мурун, 16-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош-Тазалык ишканасынын адистери, Сулайман-Тоо МАБнын жетекчилиги жана кызматкерлери баштаган Ош шаардык мэриясынын көчмө комиссиясы борбордун жанына керектүү жерлерге заманбап таштанды контейнерлерин орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, Курманжан-Датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулган.

"Ошондой эле таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытууга жол берилбестиги боюнча тургундар менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин "Ош шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү" долбоорунун алкагында, Ош-Тазалык ишканасына 360 заманбап таштанды контейнерлери кабыл алынды. Контейнерлерди керектүү жерлерге орнотуу иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий