• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто Конституциянын 30 жылдыгы белгиленди. Иш-чарадан сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрында КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кыргызстандын түзүлүшүн чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгы жана Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын таланттары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ош шаарындагы легендарлуу парламенттин депутаттарына шаар бийлиги тарабынан туңгуч баш мыйзамды кабыл алууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык иретинде белектер берилди.

Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош шаарынын тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий