• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Баткенде былтыр 23 соцобъекттин курулушу жана реконструкциясы бүткөрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 23 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Алардын ичине 13 мектеп, эки бала бакча, эки саламаттык сактоо, бир маданият объектиси, бир стадион, бир таза суу менен камсыздоо объектиси жана үч башка объекттер кирген.

Белгилей кетсек, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2021-жылы республикалык бюджеттен 46 социалдык объектини курууга жана капиталдык оңдоп-түзөөгө 505,9 млн сом каржыланган.

Азыркы учурда 2022-жылдын объекттеринин тизмесине 1-этап боюнча Баткен облусу боюнча 36 социалдык объект кирди, анын ичинде 21 капиталдык курулуш объекттери, жети капиталдык оңдоп-түзөө объекттери жана сегиз таза суу менен камсыздоо объекттери бар.

Бүгүнкү күндө курулушка жана капиталдык оңдоп-түзөөгө 48,9 млн сом суммасында каржылоо ачылды. Регионалдык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жети объектте курулуш-монтаждоо иштери жана тогуз объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий