Жалал-Абад облусунда ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин демилгеси менен 2021-жылдын ичинде Азиялык, эл аралык дана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада жалпы 70 спортчу жана машыктыруучуларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы жана алкыш барактары, мелдештердеги ийгиликтерине ылайык 5 миң сомдон, 20 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Саамалыкта Абсаттар Сыргабаев спорт чеберлеринин жетишкендиктери ар дайым сыймык жаратаарын айтты. Бул аракеттер облусундагы спортчуларга дем-күч берип, эмгегин баалоо менен максатында уюштурулганын кошумчалады. Азыркы учурда өлкө башчысы тарабынан да тармактын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаш спортчулардын жетишкендиктери, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасы экенин белгиледи. Мындан ары да спорт аркылуу облусту даңазалап, Кыргызстандын желегин желбиретүүдө ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад облусундагы бир катар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо максатында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 595 миң сом акча каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий