• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыянын 18 жаштагы тургуну Лаура бир айдан бери дайынсыз. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы 18 жаштагы Лаура Абдукаримованы издөөдө жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 2003-жылы туулган Абдукаримова Лаура Курсантбековна 2021-жылдын 30-ноябрында саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, “Азыр келемин” – деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы-көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кыска күрмө, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийимчен болгон.

Учурда 18 жаштагы Лауранын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Лаура тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0777 80-65-68.

Пикир

Оставить комментарий