Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. «Жалал-Абад шаарында заманбап кинотеатрды түзүү жана эксплуатациялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун сынагында «Галакси Синема» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун алкагында ата мекендик жана чет элдик тасмаларды элге көрсөтүү, шаардын тургундары менен коноктору үчүн маданий эс алуу жана көңүл ачуу борборун түзүү каралган.
Күтүлгөн жыйынтыктар:
- Жалал-Абад шаарынын тургундарынын жана конокторунун маданий эс алуусун жогорулатуу;
- тейлөө чөйрөсүндө жана киноиндустрияда жаңы жумуш орундарын түзүү;
- коомчулукта социалдык активдүүлүктү жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
- Шаардын маданий борбор катары имиджин бекемдөө.
Белгилей кетсек, борбордун максаты - аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана бизнес коомчулугун колдоо.
Пикир
Оставить комментарий