• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-апрелде саат 23:23тө катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий