Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунда республикалык деңгээлде уюштурулган кол өнөрчүлөрдүн фестивалы башталат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маданий иш-чара Барпы театрынын алдындагы аянтта өтөт. Башталышы саат 11:00.
Улуттук баалуулуктарды даңазалаган саамалык президенттин “Улуттук нарк” жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий