• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда командалык –штабдык машыгуунун жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын 16нан 18-майына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилиги астында чейин Жалал-Абад облусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалдар болгондо Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кызматтарынын аракети” деген темада Жалал-Абад облусунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө.

Машыгуунун максаты Жалал-Абад облусунун аймагында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын иш-аракет жүргүзүүсү, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгынын абалын аныктап чыгуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштуруу кызматтын жетекчилеринин башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн практикалык тажрыйбасын өрчүтүүгө негизделген.

Аталган машыгуу эки этапта өттү.

16нан 7-майга чейин 1-этабы, ал эми 17-18-май күндөрү 2-этабы.

Машыгуунун катышуучулары Республикалык Жарандык коргонуу боюнча жетекчилик курамы, облустук Жарандык коргонуу жана көчүрүү комиссиялары.

17-май күнү командалык-штабдык окуунун экинчи этабында 6 пунктта иш алып барышты.

Негизги экинчи этабында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис иш-аракеттерди көрүү боюнча практикалык жумуштар аткарууну текшерүү.

1-пунктунда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын ЖИВПРОМ участогундагы Көк-Арт дарыясынын №10 дамбага жакын жайгашкан турак үйлөрдү жана ички чарбалык жолдорду, айыл чарба жерлерин сактоо максатында темир бетон жана кыркынды таштар менен бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

2-пунктунда Жалал-Абад шаарындагы Курортная көчөсүндөгү стадиондо Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуунун аймакты курама командасынын даярдыгын текшерилди.

3-пунктунда Сузак районунун аймагында 2018-жылдын 17-майында Сары-Булак айылында жер көчкү жүрүп, Көк-Арт дарыясынын нугун тосуп калган. Топтолгон суунун көлөмү 1,5 млн.м3 түздү. Аталган кооптуу жер ачылып кетүү коркунучунда Сузак районунун аймагында төмөнкү иш–чаралар өткөрүлдү:

Жабыркаган калкты эвакуациялоо иш-чаралары жүргүзүлүп, талаа медициналык жана жабыр тарткан калкты жайгаштыруу пунктарын уюштурулду.

4-пунктунда Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Арал участкасындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги № 12 дамбага жакын жайгашкан турак үйлөрдү жана ички чарбалык жолдорду, айыл чарбажерлерин сактоо максатында темир бетон жана кыркынды таштар менен бекемделди.

5-пунктунда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтигаз” иш-канасынын резервуарында ширетүү иштерин жүргүзүп жатканда өрт кырсыгы келип чыккан, жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана өрттү өчүрүү иштерин уюштуруу.

6-пунктунда Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын Бекмамат Осмонов көчөсүндө жайгашкан №52 кесиптик лицейинин имаратынын 1-кабатында электр зымдарынын кыска чагылуусунан өрт кырсыгы катталып, жабыркаган окуучуларды имараттан чыгаруу иштерин уюштуруу.

Машыгуунун жүрүшүндө табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана коркунучу келип чыкканда Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин (АСДНР) жүргүзүүдөгү жана облустун аймагындагы жапа чеккен адамдарды кабыл алуудагы, аларды жайгаштыруудагы жана ар тараптуу камсыздоо боюнча уюштуруу иш-чараларын практикалык түрдө көрсөтүштү.

18-майда Республикалык Жарандык коргонуу боюнча жетекчилик курамы, облустук Жарандык коргонуу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиялары катышуучулардын негизинде машыгуунун жыйынтыгын чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий