• 87
  • 90.59
  • 0.87

Жалал-Абад облусунда мыйзам бузган үч сот кармалды – Камчыбек Ташиев

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда күн мурун мыйзам бузган үч сот кармалды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак РИИБдин жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар мыйзам алдында таза кызмат кылууга берген убадасына карабай жеке кызыкчылыгын көздөгөн.

"Ошол үч сот президенттин, Жогорку соттун судьяларды тандоо кеңешинин тандоосунан өткөн, көп жылдар бою кызмат кылып келишкен. Президенттин алдында таза иштөөгө убадасын беришкен, бирок ошол эле мезгилде жеке кызыкчылыгына, коррупциялык элементтерге берилип кетишип мыйзам бузушту. Ошонун негизинде кечээ алып барып камадык. Дагы бир жолу айтайын, бизде мыйзам бузгандарга, мамлекетке зыян келтиргендерге жана коррупциялык элементтерге жол бергендерге эч кандай аёо болбойт", - деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий