• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад облусунда жол куруу иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жалал-Абад облусунун аймагындагы жол куруу иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда облустун аймагында Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө, жердин негизин даярдоо, жолдорду тазалоо жана шагыл кум аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат. Анын ичинде:

№23 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек – Ош унаа жолунун 209-232- чакырымында жолдорду тазалоо жана шагыл кум аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат.

№27 Жол тейлөө ишканасы:

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 100-106-чакырымында жолго кулаган таштарды тазалоо иштери аткарылууда.

№30 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек – Ош автоунаа жолунун 395-427- чакырым аралыгында парапет орнотуу иштери уланууда.

№38 Жол тейлөө ишканасы:

Ала-Бука – Кербен – Таш-Көмүр автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн жер жумуштары жүрүүдө.

№50 Жол тейлөө ишканасы:

Талды-Булак – Каба автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн жердин негизин даярдоо иштери жүрүүдө.

№51 Жол тейлөө ишканасы:

Ленин-Жол – Шайдан автоунаа жолунда жолдун эки жээгин тегиздөө жана арыктарды ачуу иштери жүрүп жатат.

№52 Жол тейлөө ишканасы:

Кашка-Терек – Катранкы автоунаа жолунун 5-15- чакырым аралыгында жолдун жээгин тегиздөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий