• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жалал-Абад облусундагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде облустагы мугалимдердин жаңы окуу жылына карата даярдыктарын талкуулаган август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, ЮНИСЕФтин Жаштарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышы.

Август кеңешмесинде облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков сөз сүйлөп, мугалимдерди алдыда келе жаткан жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ошол эле учурда 2024-2025-жаңы окуу жылында балдардын билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Тармактын ишин жакшыртуу, ар бир бала менен иштөө, анын жөндөмүн ачуу–кесипкөй мугалимдин колунда экенин кошумчалады.

Максат Сыдыков Жалал-Абад облусундагы билим берүү мекемелеринде жаңы технологияларды интеграциялоо боюнча да алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, мугалимдерге Кыргызстандагы билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча "Алтын Казык" программасынын долбоору тууралуу маалымат берди. Аны менен катар билим берүү документтерин санариптештирүү жаатындагы жумуштарга токтолду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 486 мектеп бар, анда 17 миң 359 мугалим эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий