• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда эл көп топтолуучу жайлар текшерүүгө алынат

Аймак 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда эл көп топтолуучу жайлар текшерүүгө алынат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу кызматкерлер кайгулдоо багыттарына бөлүнүштү. Жалал-Абад ШИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын, «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери күндүзгү жана түнкү багыттар боюнча кызмат өтөшөт. Анда эл көп топтолуучу жайлар, ири соода борборлору, базарлар, парктар, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынат.

Ошондой эле түнкү убакыттарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кафе-ресторандарга, тойканаларга, түнкү оюн-зоок клубдарына коюлган чектөөлөр боюнча рейддер уюштурулат.

Эске салсак Жалал-Абад шаардык ыкчам штабдын жыйынында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлдан тарта тойканалар белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотоору, ал эми коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн, кечки саат 22:00гө чейин иштей тургандыгы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий