• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстандын алыскы айылдарынын биринде жаңы Маданият үйү курулган

Аймак 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Жалал­-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек айылында Немис өнүктүрүү банкынын эсебинен жаңы Маданият үйү курулган.

Анын директору Мамасалы Сабировдун айтымында, имараттын курулушуна 12 млн. 500 миң сом кеткен.

"Биздин айыл өлкөдөгү алыскы айылдардын бири. Бул жерде 3 миң 500 киши турат. Буга чейин айылда маданият үйү, китепкана жана айыл тургундары бош убактысын өткөрүү үчүн социалдык мааниси бар имараттар болгон эмес", - деди ал.

Ал белгилегендей, Маданият үйүнүн ачылышынан кийин айылдагылардын жашоосу кызыктуу боло түштү. Себеби, анда музыкалык ийримдер ачылып, ар кыл концерт, майрамдык иш-чаралар өтүп турат.

"Жаштар китеп окуганы, балдар ар кандай ийримдерге келет. Ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Жаштар ар кыл музыкалык топторду уюштуруп, облустук, республикалык сынактарга катышууда", - дейт ал.

Сабиров Маданият үйүндө интернет, китепкана жана 220 орундуу концерттик зал бар экенин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий