• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад облусундагы тышкы байланыштардын жүрүшү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Сулайман Пиримкулов менен жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Жалал-Абад облусундагы тышкы байланыштардын жүрүшү, алдыдагы иш пландар боюнча пикир алмашуу жүрдү. Ошондой эле облуста келерки жылы өтүүчү эл аралык иш-чаралар талкууланды.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев облустун эл аралык байланыштарын бекемдөө, ар тараптуу кызматташтыкты күчөтүү аракеттери улантылаарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий