• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы шайлоо жана референдумга добуш берүүгө катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жубайы менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл мамлекеттин алдыңкы багытын аныктоочу референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү облус аймагында ачык-айкын өтүүсү зарылдыгын белгиледи. Аны менен бирге тургундарды жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусундагы 452 шайлоо тилкесинде 672 миң 859 шайлоочу референдумга, 418 тилкеде 620 миң 106 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө катталган. Облуста 62 айылдык, 7 шаардык кеңештин депутаттары шайланат. Саат 12:00гө чейин референдумга 98 миң 616 шайлоочу добуш берип, жалпы эсептин 14,7 пайызын түздү. Ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоого 14,9 пайыз же 92 миң 382 жаран катышты.

Пикир

Оставить комментарий