• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бузуулар катталса добуш берүү жокко чыгарылат. БШКнын жумушчу тобуна 34 арыз түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. БШКнын алдындагы арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн.

“Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган. Аймактар боюнча Бишкектен 15, Чүйдөн 9, Ош шарынан 2, Ош облусунан 3, Жалал-Абаддан бир, Баткенден 3, Талас шаарынан бир арыз-даттануу келген. Бул боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. 3 арыз сот органдарына берилген”, - дейт ал.

Асаналиев арыздар төмөнкү мүнөздө болгонун айтат.

- үгүт иштеринин талаптарын бузуу боюнча 6;
- аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине карата 7;
- аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине карата 16;
- админресурс боюнча 1;
- каттоодон талапкерлерди четтетүү боюнча 1;
- билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча 2;
- ар түрдүү мүнөздө бир арыз.

“Ар бир арыз каралууда. Кароонун жыйынтыгында бузуулар такталса, партиянын талапкерлиги алынып, добуштун жыйынтыгын жокко чыгаруу сыяктуу кескин чаралар көрүлөт”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий