• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Жалал-Абад облусунун башчысы Германиядан келген делегация менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин тең төрагасы, Кыргызстандын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг баштаган делегация жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкеней, тараптар кызматташтык алакаларын кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Облус башчысы Германия делегациясына Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык дарамети, инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берди.

Өкүл буга чейин Жалал-Абад облусунда Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Региондорду комплекстүү өнүктүрүү" программасынын колдоосу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, жогорку түшүмдүүлүккө жетишүү, экспорт үчүн шарттарды түзүү боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын белгиледи. Аны менен катар маданий-гуманитардык, туризм жаатында аткарылган жумуштарга токтолду.

Тилек Текебаев жолугушууда мындан ары да натыйжалуу кызматташтык демилгелерди колдоого алаарын айтып, облуста ишке ашырылуучу өндүрүштүк жана социалдык багыттагы долбоорлорду сунуштаарын кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий