• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусундагы Кашка-Терек – Катранкы унаа жолунда жер көчтү

Аймак 0


Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кашка-Терек – Катранкы (17+500-чакырымы) унаа жолунда жер көчтү.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жер бүгүн болжол менен саат 6лар чамасында көчүп, унаа жолдун бир бөлүгүн жаап калган.

Белгиленгендей, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 150 миң куб метрди түзөт.

“Учурда Транспорт министрлигинин № 52 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Жолдун аталган бөлүгүндө унаалардын топтолушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий