• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад облусунун башчысы СOVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жалпы кызматкерлери СOVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, алардын катарында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев да бар. Өкүл жалпы тургундарды өз ден соолугуна кам көрүп, илдетти токтотууда вакцина алууга чакырды.

Эмдөө облустун бардык район-шаарларындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда берилүүдө. Андан сырткары, чакыруулар боюнча 19 мобилдик топ да иштөөдө. Вакцина алуу алдында дарыгерлер тарабынан жарандын ден соолугунун абалы боюнча сурамжылоо өткөрүлөт.

Азыркы учурда Жалал-Абад облусунда жалпы 21 миң 693 жаран эмделди. Буга чейин облуска 85 миң доза Кытайдын "Синофарм" вакцинасы келген.

Пикир

Оставить комментарий