• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эки күн мурда коронавирустан каза тапкан аял. Маркум менен кошо бир учакта 157 кыргызстандык келген

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-майында коронавирустан каза тапкан Жалал-Абад облусунун тургуну менен кошо Екатеринбургдан 157 жаран учуп келген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады.

Анын айтуусуна караганда, ал жарандардын баарынан биринчи ПЧР-анализ алынган.

"Маркум менен алты адам жакын байланышта болгон. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, учуп келген 156 жаран экинчи ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүп жатат. Екатеринбургдан чартердик каттам менен Бишкекке жалпысынан 157 жаран учуп келген. Алардын ичинен бирөөндө гана коронавирус аныкталды", - дейт ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2-май күнү коронавирустан эки адам каза болгон. Алардын бири медицина кызматкери - Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаева, ал эми экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун тургуну.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий