Жалал-Абад облусунун башчысы жашоочулардын таза суу көйгөйүн укту

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жашоочулардын таза суу көйгөйүн укту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагына караштуу Карл-Маркс айылындагы дренаждык суу алуу кампасынан калкка таза суу жеткирүү толук кандуу жүрбөй келет. Бул багыттагы көйгөй менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймакка болгон иш сапарынын алкагында таанышып, жергиликтүүлөрдүн үнүн укту.

Таза суу долбоорунун алкагында Карл-Маркс айылынын 700дөн ашуун калкына ичүүчү суу жеткирүү пландалган. Ага 2018-жылы курулушу башталып, бүгүнкү күнгө чейин суу өткөрүү системасынын толук бүтпөй келгени себеп.

Республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 19 млн 32 сом деп бааланган долбоорду “Ак ниет курулуш” ЖЧКсы аткарып, жумуштар 95 пайызга жүргөн. Учурда аталган жайда суу бөлүштүрүүдөгү негизги маселе, долбоорду түзүү менен убагында жүрбөгөн техникалык көзөмөл мүчүлүштүктөрүнүн орун алганы.

Жергиликтүү жашоочулар жумуштар бүтпөй, элдин таза сууга болгон муктаждыгы жоюлбай жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Облус өкүлү аткаруучу компания жана тийиштүү кызматтардын башчыларына жоопкерчилик менен тез аранын ичинде маселени жөнгө салуу тапшырмасын берип, иштин жүрүшүн көзөмөлүнө алаарын айтты.

Тогуз-Торо районунун аймагында таза суу боюнча жалпы төрт долбоор жүрүп, анын үчөөсүндө жумуштар бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат. Алдыда дагы эки айылга ичүүчү суу жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий