• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад облусунун башчысы жыл ичинде ийгилик жараткан спортчуларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 29.12.22./Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жыл ичинде ийгилик жараткан спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Тактап айтсак, Сыргабаев 2022-жылы азиялык жана дүйнөлүк, Ислам шериктештик оюндары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында жана башка мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларды сыйлады.

Иш-чарада жалпы 52 спортчу, 11 машыктыруучуга облустагы спорт тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Ардак грамоталар жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Облус башчысы Жалал-Абадда жылдан жылга спортко кызыккан жаштардын катары калыңдап баратканын, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерге катышып, ийгилик жаратып келе жатканын белгиледи. Спортчулардын жетишкендиктеринде алардын машыктыруучу жана ата-энелеринин да салымы чоң экенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Өкүл жаш спортчуларды аракеттенүүдөн талбай, келээрки жылдары да көптөгөн ийгиликтерди жаратуусун каалап, облустук бийлик ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий