• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жалал-Абад облусунун жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустун күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы боюнча жыйын өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйынга облустагы мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары жана көмүр кендерин иштеткен компаниялардын өкүлдөрү катышып, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдыктар жана алдыдагы пландар талкууланды.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев облус калкын толук кандуу көмүр менен камсыз кылуу боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн, бирок кээ бир райондордо кара отун менен камсыздоо 53-65%га аткарылгандыктан, ал райондордогу камсыздоону 100%га жеткирүү тапшырмасы коюлганын билдирди.

Ошондой эле, электр энергия менен камсыздоодо облустун электр чубалгыларын жана көмөкчордондорду оңдоо иштери 90-95%га аткарылганы айтылды. Ал эми республика боюнча ГЭСтерде жүргүзүлгөн ремонт иштери толук аткарылган. Мындан тышкары шаардагы жаратылыш газынын басымдуулугун түшүрбөө тапшырмалары берилди. Жалпы жыйынтык күз-кыш мезгилдерине даярдык ортодон жогору бааланды.

Отурумда ошондой эле “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун отчету угулду. Анда республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун сарпталышы тууралуу маалымат берилди. Каражатка заводду модернизациялоо, жаңы жабдыктарды сатып алуу сыяктуу бир катар ишиер аткарылганы жана алдыдагы өндүрүштүк пландары айтылды. Толук модернизациядан өткөрүлгөн завод 2025-жылдын жаз мезгилинде ачылат.

Жыйындын соңунда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жылытку мезгилине даярдыкты өз убагында аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралаарын эскертип, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий