• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад ОИИБдин жаңы жетекчиси милиция бөлүмдөрү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 03.01.23 /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеӊишбек Абитов Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Сузак райондук милициясынын өздүк курамы менен жолугушту.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Абитов кызматкерлерди мыйзамдуулукту жана тартипти бекем сактоого чакырды.

Коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, тергөө амалдарын, профилактика иштерин жүргүзүүдө, катталган кылмыштардын бетин ачууда таза, акыйкаттуулук менен иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алууда өз жумушуна кайдыгер карабай, мыйзам чегинде чараларды көрүү керектигин айтты.

Андан соӊ Жеӊишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн имараттары, убактылуу кармоочу жайлардын санитардык абалы, шаардык жана айылдык милиция бөлүмчөлөрү менен таанышып, бир топ кемчиликтерди белгиледи. Кызматтык автоунаалардын абалын көрдү. Жеринде милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кемчиликтерди аз убакыттын ичинде жоюу тапшырмасын коюп, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлер тартиптик жазаларга тартылаарын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий