• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад ОИИБи: Облус аймагында “Лидер” иш-чарасы жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы “Лидер” аталышындагы ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Бул иш-чаранын алкагында Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр ШРИИБдеринин кызматкерлери мектептерде, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү жумуштарын алып барышууда. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү мектептен сырткары ата-энелер өз көзөмөлүнө алып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө болууга чакырышууда. Мектеп рэкетчилиги, жаштар арасындагы топтошуп мушташуулар, кылмыштуулук, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында жыйындар уюштурулуп, коомчулук менен учурдун негизги маселелери талкууга алынып жатат.

Пикир

Оставить комментарий