• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинде Калбаев Советбек Абийбиллаевичке депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик кызматка дайындалып, мандатын тапшырган "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Майрамбек Адылбековдун ордуна тизме боюнча келди.

Эл өкүлүнө депутаттык төш белги жана күбөлүктү шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Буниса Мамадалиева тапшырып, эл өкүлүнүн ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий