• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаардык милициясы бир катар кылмыштардын бетин ачты

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы бир катар кылмыштардын бетин ачты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 4 жаран арыз менен кайрылышкан. Алардын бири 21-январда Жалал-Абад шаарынан жалпы баасы 22 миң сомдук 2 телефонун уурдатканын билдирген.

Экинчиси 27-январда компьютердик клубда өзүнө бейтааныш бала келип, базар баасы 20 миң сомдук кол телефонун коркутуп алып койгондугун айткан.

Үчүнчүсү 24-январда 32 миң сомдук “Айфон” үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз бала “чалып алайын” деп алдап, алып кетип калгандыгын жазган. Ал эми төртүнчү жаран 21-январь күнү 9:30дан кечки саат 21:30га чейинки аралыкта белгисиз кылмышкерлер үйүнө кирип, 101 миң 500 сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкен билдирген.

Натыйжада жабырлануучулар жалпысынан 175 миң 500 сомдук материалдык чыгымга дуушар болушккан.

Бул фактылар Жалал-Абад шаардык милициясында Кылмыш-жаза кодексинини уурдоо, тоноо жана алдамчылык беренелери менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы фактыларга шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н.нын жогорудагы 4 кылмыш ишине катышкандыгы аныкталган. Ал эми Ш.Н. менен кошо Жалал-Абад шаарынын тургундары 1993-жылы туулган Ж.А., 1987-жылы туулган Х.Х. жана Сузак районунун тургуну 2001-жылы туулган К.Н. зер буюмдарды уурдоого шектелип кармалышкан.

Шектүүлөрдүн иши Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, Ш.Н. 2 айга камакта калтырылып, калганы үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий