• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борборуна айланат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны өттү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынды.

Жыйынга Өзбекстан, Азербейжан, Түркия, Венгрия, Казакстан (онлайн) өлкөлөрүнүн туризм боюнча министрлери жана КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Туризм боюнча министрлер кеңешинин курамындагылар эмки жылы өтүүчү саамалыктарды карашты.

Бул чечим алдыда түрк тилдүү уюмдар кеңешинде расмий түрдө протокол менен бекитилет. Жыл аягында Түрк мамлекеттеринин президенттери жолугушат.

Бүгүнкү жыйындын негизги максаттарынын бири — туруктуу жана экологиялык туризмге өзгөчө басым жасоо менен туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу. Ошондой эле, эл аралык туристтерди тартуу жана түрк элдеринин маданий мурасын даңазалоо үчүн бирдиктүү туристтик маршруттарды түзүү пландары талкууланды. Мында кышкы туризмге басым жасалды.

Облус башчысы Тилек Текебаев Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө өлкөлөрдүн туризм министрлеринин кезектеги жолугушуусу менен куттуктады.

"2023-жылы президент Садыр Нургожоевич Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын жыйынында, 2025-жылды Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан “Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” деп жарыялоону сунуштаган. Ага ылайык, бүгүнкү жолугушуу өлкө башчыбыздын сунушу менен Жалал-Абад жергесинде уюштурулду.

Жалал-Абад облусу Кыргызстандагы кооз жаратылышы жана бай тарыхы менен белгилүү туристтик аймактардын бири болуп саналат. Облус туристтер үчүн табигый кооздугу, уникалдуу тарыхый жайлары жана маданий мурастары менен айырмаланып турат. Ошол эле учурда рекреациялык туристтик объектилерге жана тарыхий-архитектуралык эстеликтерге бай аймак", – деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Пикир

Оставить комментарий