• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарына жылуулук берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады.

Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, шаардагы бардык отканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү деңгээлде көмүр жана мазут камдалган. Учурда борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган бардык объектилерге жылуулук берилип жатат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 откана бар. Алар үчүн 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалган.

Пикир

Оставить комментарий