Жалал-Абад шаарында акысыз юридикалык жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында "Менин конституциялык укуктарым" аталышында акция өтүп, анда жарандарга акысыз юридикалык кеңештер берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында жарандардын укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон сырткаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү кызматтары бар экени маалымдалды.

Акысыз юридикалык жардам алууга келгендер пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана алимент маселелери боюнча берилген суроолоруна жооп алышты.

Пикир

Оставить комментарий