• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош-Ноокат жолунун жээктери жашылдандырылат

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ош-Ноокат жолунун жээктери жашылдандырылат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Зиядин Жамалдинов Ош-Ноокат жолунда жайгашкан шагыл, асфальт чыгарган ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ош облусунун башчысы аталган мекемелердин чарбалык жумуштарында кемчиликтер бар экенин айтып, жашылдандыруу жумуштарын аткаруу керектигин айтты.

“Ош-Ноокат жолу эл аралык маанидеги жол. Бул жердеги шагыл, асфальт чыгарган заводдордун тазалыгында кемчиликтер көп экен. Тез арада таштандыларды тазалап, жашылдандыруу жумуштарын алып барыш керек. Ал эми Архитектура менен биргеликте ар бир өндүрүш ишкана тосмолордун эскизин иштеп чыгып, орноткула”, - деди Жамалдинов.

Мындан сырткары, аталган мекемелердин экологияга келтирген зыянын, төлөнүп жаткан салыктарды текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий