• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад мэриясында 6 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында 6 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, вице-мэрлер, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кубатбеков жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач, Жалал-Абад шаарынын 2022-жылдын экинчи чейрегинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

"2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма баа менен алганда өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 109,3 %ды түздү, өсүү темпи 119,8 %га жеткирилди, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 517,6 млн сомдук продукция көп өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, шаардык мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгы бекитилген пландан 18 млн 882 миң 600 сом акча каражаты шаардык казынага ашыкча түшүрдү. Инвестиция тартуу жаатында жарым жылдыкта шаарга 2 млрд 332 млн сомдук инвеситиция тартылган", -деп айтылат билдирүүдө.

Коллегиялык жыйында шаар жетекчиси Эрнисбек Ормоков айрым мекемелердин жетекчилерин катуу сынга алды.

Айта кетсек, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы тарабынан шаар казынасына белгиленген планда ашыкча салык жыйналганы менен республикалык бюджетке салыктар өлчөмү азайып кеткендиги тууралуу айтылды. Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына билим берүүнүн сапаты төмөндөгөнү үчүн, тагыраагы ЖРТдан жогорку балдар болбогону үчүн сөгүш берилип, дагы бир катар мекемелердин жетекчилерине каттарга өз учурунда жооп бербегендиги үчүн сөгүш жарыяланды.

Мэр бардык кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу, мектеп менен бала бакчалардын кышка даярдыгын эртелетүү, калкты эмдөө иштерин тездетүү, курулушу бүтпөй жаткан объектилерди ушул жылга бүткөрүү жана сел арык, каналдарды тазалоо, борборлоштурулган жылытуу системасына көп кабаттуу үйлөрдү кошууну, "Жалал-Абад сууканал" башкармалыгына шаардын суу жана саркынды суу түтүктөрүн жаңыртуунун 2-фазасын мөөнөтүндө бүткөрүү сыяктуу тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий