• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткендик жаш манасчы Касымбек өлкө кыдырып Манас айтып келди

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Жети-Таш айылынын 11 жаштагы тургуну, жаш манасчы Касымбек Бердикулов үч ай бою Кыргызстанды кыдырып Манас айтып келди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн Касымбекти жана анын жакындарын, мугалимдерин Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков кабыл алып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектерин тапшырды.

Жаныбек Исаков жаш манасчыга ийгиликтерди каалап, кыргыз элинин муундан муунга сакталып келаткан улуу мурасын даңазалоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте улуу манасчылардын жолун улаган мыкты манасчылардан болорунан зор үмүт артарын айтты.

Ошондой эле Касымбектин мугалимине ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ыраазычылык каты” тапшырылып, ата-энесине алкыштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий