• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында адамдардын жүзүн тааный турган камералар иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында адамдардын жүзүн тааный турган камералар иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында шаарда 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулган. Алардын иштеп баштаганына бир жума болду.

"Камералар адамдын жүзүн таануу функциясына ээ болуп, камера иштеп баштагандан бери издөөдө жүргөн 6 жаран дал ушул акылдуу камералардын жардамында табылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий